189 телефон горячей линии





Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматынын Кыргыз Республикасынын жарандарына жана Орус Федерациясында жашаган эмгек мигранттарына Кайрылуусу

Урматтуу мекендештер,

Орус Федерациясынын өкмөтү 18-марттан 1-майга чейин чет өлкөлүк жарандарга Орусиянын аймагына кирүүгө тыюу салды. Расмий билдирүүдө мындай чара коронавируска байланыштуу «өлкөдө коопсуздукту камсыздап, калктын саламаттыгын сактоо» үчүн көрүлүп жатканы белгиленет.
Орус Федерациясынын Москва шаарында Мэрдин буйругу менен коронавирус коркунучуна байланыштуу, эл көп катышчу иш-чараларга дагы тыюу салынды.
Ушул себептерден улам, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу мамлекеттик миграция кызматы Орус Федерациясына барууну пландаштырып жаткан Кыргыз Республикасынын жарандарын, көрсөтүлгөн убакыт аралыгында токтото турууга чакырат.
Ал эми учурда Орус Федерациясында эмгек миграциясындагы жүргөн мекендештерди коронавирус инфекциясын жайылтпоо боюнча өздөрү жашап жаткан мамлекеттин мыйзамдарын, өтүнүч талаптарын так туура аткарууга жана сактоого чакырат.


добавлен: 2020-03-18 10:30:56
просмотров: 250

Новые вакансии

Вакансии в РФ
Вакансии в РФ
Вакансии в ОАЭ
Вакансии в Республику Казакстан
Вакансии в Турецкой Республике на сезон 2018 года
На работу в Дубай (ОАЭ) требуются сотрудники в сферу обслуживания.
Курс валют Погода в Кыргызстане